Перейти на новый сайт
MegaCom инновацияны жана жаштарды колдойт

MegaCom инновацияны жана жаштарды колдойт

MegaCom компаниясы GDG Bishkek (Google Developer Group) демилгечи тобунун долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан бир катар жаштар жолугушууларын өткөрүүгө көмөк көрсөттү. Бул демилгелер Кыргызстандагы IT-паркты өнүктүрүүгө багытталган.

Михаил Савочкин жана Сергей Камбалин тарабынан өткөрүлгөн "Arduino жана роботкуроо" темасындагы мастер-класс эсте каларлык болду. Роботкуруу тармагындагы жаңы иштелмелерди түзүү жана көптөгөн функцияларды аткарууга жөндөмдүү чыныгы роботторду куроодогу чеберчиликтин негиздери чогулгандардын көңүлүн бурду.

Техникага кызыккан ар бир бала кичине кезинде өз колу менен тик учма (вертолет) куроону самаса керек. Жаш программалоочулардын бала чагынан берки кыялдары орундалып, алар тажрыйбалуу устаттары менен биргеликте кичирейтилген үлгүлөрдү курап жатышты. Уюштуруучулардын айтымында, Arduino платформасынын мүмкүнчүлүктөрү, өз роботторду, декор элементтерин, көп функционалдуу байкоо системдерин куроого шарт түзөт. Иш- чаранын жыйынтыгы боюнча, жолугушуунун бардык катышуучулары MegaCom компаниясынын фирмалык азембелебелектерине ээ болушуп, эң активдүү катышуучулары эстелик белектер менен сыйланышты.

Жакынкы арада, программаларды жана мобилдик колдонмолорду түзүү боюнча атайын үйрөтүү курстарын өткөрүү пландаштырылууда. Программа түзүү чеберчилиги, тажрыйбалуу IT-адистерге да, мектеп окуучуларына да кызыктуу болору шексиз. GDG Bishkek, технологиялар дүйнөсүндөгү жаңылыктарды, оптималдуу программалык чечимдерди, белгилүү компьютер оюндарын жана программа түзүүчүлөрдүн күндөлүк жашоосундагы кызыктуу темаларды талкууга алуу максатында, GDG Last Friday алкагында ай сайын жолугушууларды өткөрүүнү улантат.

GDG Bishkek жолугушуулары, үстүбүздөгү жылдын башында IT-адистер үчүн өткөн, жаңы форматтагы иш чара – хакатондун уландысы экенин белгилемекчибиз. Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору, MegaCom компаниясы, дайым инновациялык идеялардын жана маалымат-коммуникация технологиялар чөйрөсүнүн акыркы тенденцияларынын агымында десек жаңылышпайбыз.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы