MegaCom роуминги Кубада
MegaCom, роуминг-өнөктөштөрүнүн саны күн санап өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап, “Эркин аралы” дагы MegaCom роуминги жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмесине кирди.
MegaCom компаниясынын Кубадагы роуминг өнөктөшү, GSM 850/900 стандарттарында өлкөнүн бардык аймактарында мобилдик байланыш кызматын көрсөтүп иштеген Куба мамлекетинин Cubacel оператору.
Дүйнө жүзүндө эс алып же иш сапары боюнча саякат кылган маалда, жүргөн өлкөнүн уюлдук операторлорунун SIM-картасын сатып албастан, MegaCom компаниясынын “Роуминг” кызматын үй жазылуусу боюнча кошуп алуу жетиштүү. Кызматтан дээрлик дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан пайдалануу мүмкүн. MegaCom роуминги – байланыштын мыкты сапаты жана ыңгайлуу тарифтер. Роуминг өнөктөштөрдүн толук тизмесин компаниянын расмий сайтынан алууга болот.
MegaCom менен дүйнөнүн булуң-бурчунда байланышта болосуз!