MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 15-ноябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Көк-Жар айылы;
- Талас облусунун Көкөй айылы жана Талас шаарындагы Оторбаев жана Фрунзе көчөлөрү;
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы ТЭЦ жана Кулатов көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы