Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргызстандык журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

MegaCom Кыргызстандык журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер,

MegaCom компаниясы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктайт.

“Бул күн жалпы коомчулук үчүн зор мааниге ээ. Анткени күн сайын болгон окуяларды жана соңку жаңылыктарды калктын калың катмарына, бейтарап жана так жеткирүү чоң эмгекти талап кылат. MegaCom компаниясынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан, сиздерге ыраазычылык билдирип, ишиңиздерге ийгилик жана чыгармачыл эргүү каалайм”, - MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетинин аткаруучу Азат Базаркулов.

Тарых барактарына үңүлсөк, 1924-жылдын 7- ноябрында кыргыз тилиндеги тунгуч басылма жарык көргөн эле, ал эми 1933-жылдан тарта, бул күн Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы