Роуминг кызматы Улуу Британия жана Францияда
MegaCom уюлдук операторунун абоненттери Улуу Британия жана Франция өлкөлөрүндөгү сапарында, Vodafone UK жана Bouygues Telecom операторлорунун тармагында GPRS – роуминги менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
“Роуминг” жана “GPRS – роуминг” кызматтарын кошуу үчүн компаниянын абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызматтарды кошуу тууралуу арыз жазуу зарыл. Кызматтардын тарифтери, өнөктөш өлкөлөрдүн жана операторлордун тизмеси менен MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунан жана *500 жана 0555 500000 номерлери аркылуу кардарларды колдоо кызматынан жана дагы MegaCom компаниясынын расмий сайтынан таанышууга болот.
MegaCom аркылуу жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болуңуз.