Кызыктырган суроолорго SMS аркылуу жооп алса болот
MegaComдун абоненттери үчүн компаниянын кызматтары жана тарифтик пландары тууралуу толук маалыматты «SMS-кеңешчи» кызматы аркылуу билүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Кызмат менен пайдаланууда, кызыктырган суроону SMS-билдирүү аркылуу 500 номерине жөнөтүү жетиштүү. Компаниянын кардарларды колдоо кызматынын адистери керектүү маалыматты топтоп, кыска мөөнөттүн ичинде SMS түрүндө жана акысыз жөнөтүшөт.
Абонент үчүн кызматтын артыкчылыктары:
- Кыска мөөнөттүн ичинде керектүү маалыматка ээ болуу;
- Баарлашуу үчүн башка кошумча техникалык түзмөктөрдү пайдаланбастан, уюлдук телефондун стандарттык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;
- Чалууларга болгон чыгымдарды азайтуу, айрыкча чет өлкөдө зарыл маалымат керек болгон учурда.
Абоненттер тийиштүү маалыматты кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдеринде ала алышат.