Перейти на новый сайт

19-октябрь социалдык кызматкерлердин күнү

19-октябрь социалдык кызматкерлердин күнү

Бул күнгө карата, 17-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо кызматкерлерине арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү. Кесиптик майрамга утурлап, Бишкек мэриясы тарабынан өткөрүлгөн “Мыкты социалдык мекеме” жана “Мыкты социалдык кызматкер” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланышты.

Өз кезегинде, MegaCom компаниясы коомдогу ири жана социалдык жооптуу бизнес өкүлү катары мэриянын демилгесин колдоп, конкурстун байге фондуна 150 000 сом бөлүп берген.

«Коомубузда социалдык тармактын өзгөчө орду бар. Социалдык жактан коргоо кызматкерлерин кесипкөйлүгү гана эмес мекендештеринин көйгөйлөрүнө көңүлкош карабагандыгы, камкор мамилеси, мыкты адамдык сапаттары айырмалап турат. Учурдан пайдаланып, сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалай кетейин. Баардык башталыштарыңыздарды ийгилик коштоп жүрсүн!», - деген куттуктоосун компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов билдирди.

MegaCom компаниясы, өлкөнүн социалдык турмушунда, бир катар ири долбоорлорду жүзөгө ашырып келгендиги менен белгилүү.Мындан тышкары шаарларда жана жалпы эле өлкө аймагында инфраструктураны чыңдоого багытталган иш-аракеттерди колдоп келет. Соңку мисалдардын бири катары Кулиев көчөсүнүн Чоң Чүй каналын кесип өткөн аймагында көпүрөнүн курулушун айта кетүүгө болот.

Иш чарадан сүрөт баяндама
 

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы