MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 16--октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
Ош областынын Тепе-Коргон, Жаңы-Абад айылдарынын жана Мирмахмудова айыл өкмөтүнүн, Бишкек шаарынын П.Лумумба көчөсүнүн жана Тынчтык проспектисинин аймактары камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы