Перейти на новый сайт
Кезектеги компьютердик класс өз окуучуларын кабыл алды

Кезектеги компьютердик класс өз окуучуларын кабыл алды

MegaCom компаниясынын “Меgа Билим” долбоорунун алкагында, 10-октябрда, Чүй облусуна караштуу Ак Бешим айылынын Ж. Баласагын атындагы орто мектебинде кезектеги компьютердик классынын салтанаттуу ачылышы болду. Ушуну менен Кыргызстанда дагы 167 элеттик мектеп окуучусу соңку маалымат технологиялар дүйнөсүнөн кабар алып, компьютердик сабатсыздыгын жоюга мүмкүнчүлүк алышты. Элеттеги орто мектептин көктөн тилегени жерден табылган бул күн, окуучулар үчүн гана эмес эки жарым миңден ашуун түтүнү бар Ак-Бешим айылынын тургундары үчүн да чоң майрам болду.

Буга дейре мектепте эскилиги жеткен бир гана компьютер макет катары колдоунулуп келген. Окуучулар информатика сабагын көбүнесе теориялык негизде өтүп, сабакты жетиштүү түрдө өздөштүрүү мүмкүн эмес эле. Ал эми мектепте толук кандуу иштеген информатика классын ачуу аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес.

“Бүгүнкү күндө айыл жериндеги мектептер шаарларга караганда алдыңкы технологиялар менен жабдылбай келет. Биз ошол өксүктү толтуралы, айылдагы балдар да шаардагы балдардай өнүп-өссүн деген тилекте ушул долбоорду баштаганбыз. Максатыбыз ишке ашып жатканына кубанып турам”, - деп MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов белгиледи.

“Меgа Билим” долбоору 2011-жылдын күз айларынан тартып Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди компьютерлер менен камсыз кыла баштаган. Бүгүнкү күндө жаңы компьютердик класстарга ээ болгон мектептердин саны 57ге жетти. Баш аягы өлкө аймагы боюнча 143 мектепте информатика класстарын ачуу пландалууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы