Перейти на новый сайт

BarCamp Kyrgyzstan 2012 –жаңы ачылыштардын мезгили

BarCamp Kyrgyzstan 2012 –жаңы ачылыштардын мезгили

Өткөн аптада, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан жыл сайын өтүүчү BarCamp Kyrgyzstan 2012 аттуу конференция өз ишин жыйынтыктады. Быйылкы конференцияга маалыматтык технологияларга кызыккан, анын акыркы жетишкендиктери менен колдонгон Кыргызстан, Казакстандын жаштарынан башка Орусия жана Ирландиядан да коноктор келишти. Ошондой эле биринчи жолу бул BarCamp’ке IT-чөйрөсүнүн өнүгүшүнө чыйыр салуучулар, тактап айтканда программисттер (GeekCamp) да катышты.

Конференцияга чакырылган атайын коноктор орусиялык белгилүү Urbanurban.ru сайтынын негиздөөчүсү Егор Коробейников жана Борбордук Азиядагы Google inc. компаниясынын жалгыз өкүлү, мекендешибиз Тилек Мамутов өзүлөрүнүн ишке киргизилген ийгиликтүү долбоорлорун тааныштырышты. Секциянын катышуучулары суроолорду жаадырып, аны менен катар иш-чаранын жүрүшүн Twitter социалдык түйүнүндө маалымдап турушту. Мына ушул социалдык түйүндүн колдонуучуларынын бири Shirina ‏@sd_ovoxo: “Учурда @barcampkg2012’деги эң кызыктуу презентацияны @MegaComKg көрсөтө алды»-дейт. Компаниянын техникалык колдоо бөлүмүнүн жетекчиси Захар Русаковдун “MegaCom.Инновациялар.Инсайт” аттуу темадагы презентациясы бир топ кызыгууну жаратып, ага карата спецификалык техникалык жана жалпы компаниянын ишине байланышкан суроолорго бай болду.

Ал эми MegaCom компаниясынын корпоративдик коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова тарабынан көрсөтүлгөн “Mega Билим” долбоору көпчүлүктүн көңүлүн буруп, колдоого ээ болду. Жылдыз айым: “Алыскы аймактагы мектептерди компьютерлештирүү компаниянын алдына койгон негизги максаты. Биз темирди алып барып коюу менен чектелбей, ага кошумча интернетти да туташтырып берип жаткандыгыбызды айта кетүү керек. Ошондой эле иш техникаларын жеткирип берүү аздык кылат. Аны колдоно билген кадрларды да даярдоо зарыл. Бул үчүн информатика боюнча мастер-класстарды өткөрүп келебиз. Долбоорду дагы өнүктүрүп,анын кийинки этабында мектеп окуучуларына интерактивдүү билим берүүнү киргизүү болуп саналат” дейт.

Транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инженери Сергей Шурховецкий компаниянын техникалык өнүгүүсү жөнүндө сөз кылып, азыркы учурда аралыктары алыс жайгашкан объектилердин ортосундагы маалыматты жеткирүүдөгү коопсуздукту камсыздоочу узак мөөнөткө белгиленген БОБЛ (була-оптикалык байланыш линиясы) уникалдуу заманбап технологиясынын ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында бул технология алдыдагы беш жыл аралыгында алыскы аймактардын тургундарынын жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуусуна шарт түзөт.

Конференция формалдуу эмес жагдайда өткөрүлүп ар кыл конкурстар менен коштолду. Иш-чаранын башкы өнөктөшү болгон MegaCom компаниясы активдүү катышуучуларына өз белектерин беришти. Конференциянын соңку күнү идеяларды ишке ашыруу старттык аянтчасы Ideas Market аяктап, анда мыкты идеяларды ишке ашырууга ар кайсы компания жана уюмдар тарабынан убада кылынды. Мыкты долбоорду даярдагандардын бири Анна Стыценко “Дүйнө, жакшы адамдардан кур эмес” деген темадагы долбоору үчүн бирге иштешүүгө чакыруу жана Samsung Galaxy Notе, ага кошумча күмүш номур, 1000 мб бекер интернет белектерине ээ болду. Ал эми онлайн режиминде кыргыз тилин үйрөнүү “Tili.kg” долбоорунун ээси Александр Туманов, “Мен Кыргызстанда эс алуудамын” долбоорунун ээси Павел Гольденштейн жана “Окуучуну сактайбыз” идеясынын ээси, 9-класстын окуучусу Азат Рузиевдер USB-модемдерине ээ болушту.

Сөз соңунда уюштуруучулар маалымат технологиялар рыногу өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан мындай иш-чараларды көп-көп өткөрүүгө убада кылышып, ушул чөйрөдөгү адистер катышкан жолугушууларды уюштуруп туруу керектигин белгилешти.

MegaCom компаниясынын өкүлдөрү,өз кезегинде, жаштардын алдыга умтулуусун колдоого алып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана ачылыштардын мезгилине кадам таштоосуна даяр экендиктерин билдиришти.

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы