Перейти на новый сайт
А. Федосеев кикбоксинг боюнча дүйнө кубогун жеңип алды

А. Федосеев кикбоксинг боюнча дүйнө кубогун жеңип алды

8-октябрда, спорттук мектептер арасында өткөн дүйнөлүк кубок жыйынтыкталып, К-1 версиясы боюнча биздин мекендешибиз Алексей Федосеев дүйнөлүк кубокту жеңип алды.

Кикбоксинг боюнча мелдеш 4-8-октябрь күндөрү Ялта шаарында өткөн. Баш байге үчүн ондон ашуун мамлекеттен өкүлдөр ат салышкан. Мелдеште кыргызстандык курама команданы Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери, 2010-2011-жылдардагы Евразия чемпиону, профессионалдар арасында Европа чемпиону, кикбоксинг боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, кол күрөш боюнча республиканын төрт жолку чемпиону, Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү, “алтын барс” кубогунун ээси Алексей Федосеев жетектеп барган.

.

MegaCom компаниясы өз кызматкерлерине ар тараптан колдоо көрсөтүп, алардын жигердүү иш-аракеттерине көмөктөшөт. Компаниянын тартип жана күзөт бөлүмүндө эмгектенип, мекен намысын коргогон Алексейди жамаатташтары мыкты спортчу катары билишет жана аны менен сыймыктанышат.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы