Перейти на новый сайт

Дем алыш күндөрү BarCamp Kyrgyzstan-2012 өтөт

Дем алыш күндөрү BarCamp Kyrgyzstan-2012 өтөт

Соңку маалымат технологиялар жаңылыктарын талкууга алган BarCamp Kyrgyzstan-2012 жаштар конференциясы, бул жолу 6, 7-октябрда “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде өтөт.

Аталган иш-чара билимге умтулган, таланттуу жаштарды бириктирип, аларга байланыш түзүүгө, трибунадан ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүү менен жаштардын дымагын кубаттоого багытталып, мобилдик интернетти өнүктүрүү, сөз эркиндигин колдоо, маалымат технологиялар жана жаңы медиадагы акыркы жаңылыктар тууралуу темаларды талкууга алмакчы. Бул жолку BarCamp'тин эң негизги өзгөчөлүгү – бул программистер үчүн атайын өзүнчө аудитория бөлүнгөндүгү.

“Азыркы учурда, биздин расмий сайттан 1250 адам каттоодон өттү жана бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген ойдобуз. BarCamp'ке катышууга көптөгөн белгилүү инсандар чакырылган. Бишкекке Google Inc. Компаниясынын өкүлү, биздин мекендешибиз Тилек Мамутов, белгилүү россиялык Urbanurban.ru сайтынын негиздөөчүсү Егор Коробейниковдун жана ошондой эле коңшу Казакстандан дагы меймандар келет деп күтүлүүдө. Андыктан формалдуу эмес жолугушууда бардыгы үчүн миң түркүн пайдалуу маалымат табылат деп ишенебиз. Ошондуктан эгерде Сиз дем алыш күндөрүн кызыктуу өткөрүп, маалымат технологиялар дүйнөсүнөн жаңы нерселерди билгиңиз келсе, BarCamp Kyrgyzstan-2012'ге сөзсүз келиңиз” – деп иш чаранын уюштуруучуларынын бири Сергей Макаров кулак кагыш кылды.

MegaCom компаниясы башкы демөөрчү болуу менен катышуучулардын көңүлүнө “Mega Билим” аттуу өзүнүн билим берүү долбоору тууралуу айтып берет. Долбоор республиканын алыскы аймактарындагы мектептерди компьютерлер менен жабдып, окуу процессинде атайын билим берүү порталдарында жайгаштырылган ийгиликтүү тажрыйбаларды, усулдарды колдонуу менен интерактивдүү билим берүүнүн элементтерин колдонуп сабак өтүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

MegaCom менен окуялардын борборунда болуңуз!
 

Сунушталган кызматтар

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы