Перейти на новый сайт
MegaCom Эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди куттуктады

 
MegaCom Эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди куттуктады

Алмустактан бери ата-бабаларыбыз карыларды урматтап, “карынын кебин капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деп үйдө карыяларды төргө олтургузуп, кадырлап келишкен. Бүгүнкү күндө карыларыбыздын атайын майрамы белгиленип, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп табылган. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери кыргыз эли да атайын бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. Эл менен бирге MegaCom компаниясы да жылыга карылар күнүн көңүл сыртында калтырбай, шаарыбыздын ардагерлерине белектерин тартуулап, өзгөчө сый көрсөтүшөт. Быйыл да салтка айланган майрамды утурлап Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында атайын салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

“Бул күнү – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү. Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир биринчи милдетибиз болуп саналат”, - деп компаниянын башкы директордун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов белгиледи.

MegaCom компаниясынын жетекчисинин расмий сөзүнөн кийин театралдык көрсөтүү тартууланып, соңунда ардагерлерге эки миң сомдон материалдык жардам тапшырылды. Майрамга карата, республика боюнча уюлдук оператор колдоого алган, Улуу Ата-мекендик согуштун 1000 ардагерине акчалай белектер каралган. Аталган компания тарабынан карылар күнүнө карата көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 2 миллион сомду түздү.

Ири бизнес өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүнө көңүл бөлүп, коомдук турмушта жигердүү иш алып баруу учурдун талабы экенин түшүнүү менен MegaCom компаниясы билим берүү, спорт, маданият, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармактарда жеке долбоорлорун ишке ашырып келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы