Перейти на новый сайт
MegaComдун кумжээктеги акциясы жыйынтыкталды

MegaComдун кумжээктеги акциясы жыйынтыкталды

“Кумжээктеги эс алуу MegaCom менен” ажайып акциясынын алкагында алты эс алуучу MegaComдон Samsung GT-P6200 Galaxy Tab 7.0 Plus планшетинин бактылуу ээлери болуп табылды.

          

MegaCom десанты кумжээктердеги эс алуучуларды ажайып бийлери, баалуу жана күтүлбөгөн белектери менен таң калтырып, бир айга жакын убакыт ичинде көгүлтүр көл аймагынын тургундарын жана меймандарын жагымдуу эмоциялардын толкунуна каптатты. Алып баруучунун көңүлдүү тамашаларынын коштоосунда “Ыкчам интернет” тарифтик планын жана “300 МБ белекке” топтомун камтыган SIM-карта, 3Gны колдогон USB-модемдер, фирмалык кол-чатырлар, футболкалар жана кумжээкте өзгөчө актуалдуу болгон трансформер-баштыктар ойнотулду.

          

Керемет оюн-зооктор “Рохат НБУ”, “Асыл-Таш”, “Кыргызское взморье”, “Золотые пески”, “Каприз” жана “Радуга” сыяктуу пансионаттарынын жана эс алуу борборлорунун кумжээктеринде, көптөгөн эс алуучулардын жана жаштардын курчоосунда өттү.

          

Эс алуучулардын катышуусунда өткөн “Кумжээктеги эс алуу MegaCom менен” флешмобу, компания тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтардын түрлөрүн жайылтууга багытталган жана кыргыз бермети жайгашкан аймакты үчүнчү муун байланышы менен камсыздалышына карата өткөрүлдү. 3,5G инновациялык технологиясы – 14,4 Мбит/с. чейин жогорку ылдамдыктагы Интернетке ээ болуу мүмкүнчүлүгү. 3,5G менен Сиз ар дайым окуялардын чордонундасыз.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы