Перейти на новый сайт
«Mega Билимдин» алкагында кезектеги компьютер-класстары ачылды

«Mega Билимдин» алкагында кезектеги компьютер-класстары ачылды

MegaCom компаниясы, өлкөбүздүн бир катар мектептеринде компьютердик класстарды ачуу демилгесин иш жүзүнө ашыруу менен, билим берүү тармагына бараандуу салымын кошууда. Уюлдук оператор, элет мектептериндеги окуучулардын билим деңгээлин жана информатика мугалимдеринин арасында заманбап усулдук ыкмаларды жайылтуу максатында, «Mega Билим» долбоорун ишке киргизип, бул боюнча алгылыктуу иштер 2011-жылдын сентябрь айынан 2012-жылдын май айына чейин созулган.

Жакында жаңы класс-комплектилерди орнотуу иштери Ысык-Көл областынын төмөнкү мектептеринде соңуна чыкты:

• Болот Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби
• М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби
• Каракол шаарындагы №4-мектеп -гимназиясы
• Каракол шаарындагы №6-жалпы билим берүүчү орто мектеби
• Сейитбек Мендебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби
• Токмок шаарынын №8 орто мектеби
• Ак-Бешим айылынын Ж.Баласагын атындагы орто мектебинде аяктады.

Эске сала кетсек, долбоорду иш жүзүнө ашырууда, жалпы билим берүүчү окуу жайларынын директорлорунун колу коюлган, окуу жайдын мөөрү менен тастыкталган билдирмелер компанияда түзүлгөн атайын комиссиянын элегинен өтөт. Катышуу үчүн толтурулуучу анкета менен www.megacom.kg расмий сайтынан же «Кут Билим» гезитинин ар бир санынан таанышсаңыздар болот. Бүгүнкү күндө 41 компьютердик класс ачылып, долбоор алкагында баардыгы болуп 143 мектеп камтылат деген ой-тилектер бар.

Маалымат технологиялар заманында өсүп келе жаткан муундун мезгилге шайкеш кадам таштоосу талапка ылайык. MegaCom компаниясы жаш жеткинчектерге бул мүмкүнчүлүктү тартуулап келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы