Перейти на новый сайт
MegaCom роуминги Италияда

MegaCom роуминги Италияда

Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору өз абоненттерине Италияда Telecom Italia S.p.A. операторунун тармагында роумингдин ишке киргизилгендиги тууралуу билдирет.

MegaCom компаниясы өз абоненттери үчүн роумингден пайдаланууга мүмкүн болгон аймактардын санын көбөйтүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бүгүнкү күндө, роуминг дүйнөнүн көптөгөн ири мамлекеттеринде жеткиликтүү болуп калды. Чет өлкөлүк операторлордун, башкача айтканда, роуминг боюнча өнөктөштөрдүн тармагында болуу менен, зарыл болгон учурда өз мобилдик номериңиз менен сизге чексиз баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган «Роумингден» пайдаланыңыз.

Абоненттин аппараты MegaCom компаниясынын өнөктөшүнүн тармагында катталгандан кийин, зарыл болгон баардык иш-аракеттер автоматтык түрдө аткарылат. Компаниянын абоненттери дүйнө жүзүнүн эң алыскы өлкөлөрүндө саякаттарда жана иш сапарларында жүрүп да байланышта боло алышат. MegaCom компаниясынын ыңгайлуу роуминги, өз абоненттерине, каражаттарын жакындарына белек алуу үчүн үнөмдөп калуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Кызматтардын тарифтери, өнөктөш өлкөлөрдүн жана операторлордун тизмеси менен MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу Борборлорунан жана *500 жана 0555 500000 номерлери аркылуу кардарларды колдоо кызматынан жана дагы MegaCom компаниясынын : www.megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы