Перейти на новый сайт
“Mega Билим” долбоорунун алкагында айыл мектептери компьютерлер менен камсыздалууда

“Mega Билим” долбоорунун алкагында айыл мектептери компьютерлер менен камсыздалууда

MegaCom компаниясы жеке "Mega Билим” долбоорун иш жүзүнө ашырууну улантууда. Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын компьютердик сабаттуулугун жоюу жана аларга дүйнөлүк интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн тартуулоо максатында, компания тарабынан республиканын мектептеринде информатика класс-комплектилерин орнотулууда. Долбоор айыл мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатууга , атайын билим берүү порталдарында жайгашкан ийгиликтүү тажрыйбаларды, усулдарды колдонуу менен окуу программасында окутуунун интерактивдүү элементтерин пайдаланууга шарт түзөт.

          

Азыркы учурда “Mega билим” долбоорунун алкагында Нарын областындагы 5 мектебинде: К. Карпеков , Абдылдаев , Н. Үсөналиев , “Көк-Жар” атындагы , А. Садыков атындагы №9-орто мектептеринде жана Чүй областынын 4 орто билим берүүчү окуу жайында компьютердик класстар пайда болду. Алардын катарына Токмок шаарынын №8-орто мектеби, Ж.Баласагын атындагы орто мектеби, Бейшеналы атындагы орто мектеби жана Ново-Павловка айылынын орто мектептери кирет.

Окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн ак түстөгү компьютерлер менен бирге, мектепке атайын ак түстөгү эмеректер тартууланган. Эмеректерди, жаңы техникалык жана программалык камсыздоо жабдууларын орнотуу жумуштарын аякташкан соң, компаниянын инженерлери жогоруда аталган мектептердеги информатика сабагынын мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын тренингдерин өткөрүп жатышты. MegaCom компаниясынын Корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова белгилегендей, долбоор компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин стратегиясын жайылтуунун алкагында ишке ашырылууда жана өсүп келе жаткан муундун билим сапатын жана аймактагы мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу аркылуу ири бизнестин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы болмокчу.

Эскерте кетсек, долбоорду ишке ашырууда, катышууга талапкерлигин билдирген жалпы билим берүү окуу жайларынан түшкөн, директорлордун колу коюлуп жана орто окуу жайынын мөөрү басылган табыштамаларды карап чыгуу жана тандап алуу үчүн, атайын комиссия түзүлгөн. Долбоорго катышуу үчүн толтурулуучу билдирменин үлгүсү www.megacom.kg сайтында жайгашкан жана “Кут Билим” гезитинде үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Бүгүнкү күндө 38 заманбап компьютердик класс ачылып, жалпысынан алганда долбоор алкагында республиканын алыскы аймактарындагы 143 мектепти компьютер менен жабдуу пландаштырылууда.

Улуттук уюлдук оператор, коомчулук алдындагы социалдык жоопкерчилигин сезүү менен, өлкөдөгү билим берүү, спорт жана саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүүгө зор көңүл бурат жана республикадагы таланттуу жаштарга көмөктөшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун 1000 ардагерине жана 7 балдар үйүнө колдоо көрсөтөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы