Перейти на новый сайт
Samsung Galaxy S II телефону менен кошумча бонус тартууланат

Samsung Galaxy S II телефону менен кошумча бонус тартууланат

MegaCom уюлдук оператору, Samsung Galaxy S II GT-I9100 телефонун сатып алууда, интернет-трафиктин кошумча бонусунун тартуулана тургандыгын билдирет. Эми, мобилдик телефонду сатып алуу менен, абоненттер белекке күмүш номердеги, «Тунук» тарифтик планы SIM-картанын жана дагы 100 күндүк мөөнөттөгү күнүнө 20 Mb эсептелген 2000 Mb интернет-трафиктин ээси болушат!

Samsung Galaxy S II GT-I9100 уникалдуу смартфону кеңири функционалга ээ болгон кубаттуу аппарат болуп саналат. Тажрыйбалуу колдонуучулар смартфондун Интернетке чыгуудагы ылдамдыгына, Android 2.3 операциялык тутумуна жана эки ядролуу процессоруна татыктуу баа беришет. Мындан тышкары смартфон Super AMOLED+ технологиясынын негизинде даярдалган 4,27 дюйм болгон дисплей менен жабдылган, бул болсо сүрөттөрдүн жана видеофайлдардын чоң көлөмдө берилишин жана сапатын камсыздайт.

MegaCom компаниясы өз абоненттерине заманбап жана сапаттуу телефондорду ыңгайлуу баада сунуштап келет. Ошондуктан, MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу Борборлорунан гана ар бир каалоочу 21900 сомго телефон сатып ала алат. Телефон менен чогуу берилүүчү бонустук комплектиден тышкары, Samsung расмий сервис-борборлорунда бир жылдык кепилдик тейлөөдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алышат.

MegaCom компаниясы тарабынан сатыкка коюлган телефондор, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн расмий жана тастыкталган товарлардын катарына кирет.

Заманбап смартфондун ээси бол жана бонустук комплектини белекке ал!

Сунушталган кызматтар

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы