Перейти на новый сайт

Кыргызстандын эки миңден ашуун ири компаниялары MegaComду тандайт

Кыргызстандын эки миңден ашуун ири компаниялары MegaComду тандайт

MegaCom уюлдук оператору кардарлардын муктаждыктарын жогорку деңгээлде камсыз кылуу үчүн, корпоративдик жана VIP абоненттерине кызматташуунун эң ыңгайлуу шарттарын сунуш кылууну улантууда. Бүгүнкү күндө 2277 ири компания MegaComду өзүнүн уюлдук оператору катары тандады.

Алардын ичинде - «Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр» МКК ЖАКы, "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАКы, HYATT Regency Bishkek, "Демир Кыргыз Интернэшнл банк" ЖАКы, "Kыргыз Инвест Кредит Банк" (KICB) ЖАКы, "Юникредит Банк" ААКы, "Айыл Банк" ААК, "Халык Банк Кыргызстан" ААКы, "Шоро" ЖАКы, "Акун" ЖАКы, "FORESTER" МЧКы, "Неман-Фарм"МЧКы, «7 дней» супермаркеттер түйүнү, «BETA stores»супермаркеттер түйүнү, "Манас" Эл аралык Аэропорту , «Бишкексүт» ААКы, "Марка Аудит Бишкек" МЧК, БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы (UNODC) жана өлкөнүн башка ири уюмдар бар.

“Бай-Түшүм»” микрокаржы компаниясы - MegaCom корпоративдик клубуна мүчө болгон биринчи компания. “Биз компаниянын өнөктөштүк, тармакты өнүктүрүү шарты менен таанышып чыгып, биз үчүн, бул абдан ыңгайлуу экенин түшүндүк. Биз жаңылбаптырбыз-бүгүнкү күндө MegaCom бизнес-сегмент үчүн мобилдик тармактын талаптарына толугу менен жооп берет. Туруктуу байланыш, эсеп-кысап жүргүзүүнүн ийкемдүү жолу, ар бир VIP-кардарга жекече мамиле жана жаңы технологияларды жайылтуу бул компанияны жөн гана уюлдук компания гана кылбастан, ишенимдүү өнөктөш катары дагы көрсөтө алды”- деп белгилейт “Бай Түшүм жана Өнөктөштөр” компаниясынын топ менеджери Гульнара Шамшиева.

Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын көп түрдүүлүгү, VIP кардарлардын ар бирине карата болгон жекече мамиле акыркы жылы абоненттик базанын 40 пайызга жакын өсүүсүн шарттады. 555 тобунун мүчөлөрү үчүн уюлдук оператордун лоялдуулук программасы каралган. Бул программа “Mega клуб” долбоору боюнча дилерлер менен иш алып барууда да пайдаланылат. Толук маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы