Перейти на новый сайт
Нарында MegaCom компаниясынын колдоосу менен муниципалдык нан бышыруучу цехи ачылды

Нарында MegaCom компаниясынын колдоосу менен муниципалдык нан бышыруучу цехи ачылды

30-июнда “Нарын Келечек” муниципалдык наабайканасы салтанттуу ачылып, ишке кирди. Аталган иш чарага жергиликтүү тургундар, облус губернатору жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Түркиядан алынып келинген заманбап жабдуу менен камсыздалган «Нарын келечек» цехи суткасына жарым тонна ун азыктарын өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Бышырылган азыктардын жарымы шаардагы 10 мектеп жана 6 бала-бакчаны нан менен камсыз кылууга жумшалат. Калган жарымы эркин соодага жөнөтүлүп, шаардын ар бир тургуну “Нарын Келечекте” бышырылган ысык нанды арзан баада сатып ала алат.

Советтер союзу жоюлгандан бери Нарында заманбап жабдуу менен камсыздалган нан бышыруучу цех биринчи жолу ачылып жатат. Аталган долбоорду жүзөгө ашырыш үчүн MegaCom бир жарым миллион сомго чукул каражат бөлүп берген. Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков нарындыктардын атынан MegaCom компаниясына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. “Өзүмдүн атыман жана жалпы Нарын элинин атынан MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү нан бышыруучу цехтин ачылып жатышы улуттук уюлдук оператору менен жергиликтүү Нарын облустук администрациясынын үзүрлүү кызматташуусунун жемиши деп эсептейм. Мындан ары да эл үчүн бирге кызмат кылууга кызыкдарбыз”, - деди К. Муратбеков.

Абоненттик базасын кеңейтүү менен бирге, MegaCom Кыргызстандыктардын социалдык абалын жакшыртууга да көп аракеттерин жумшап келет. Жана Нарында ачылган наабайкана компаниянын акыркы социалдык долбоору эмес.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы