Перейти на новый сайт
«Альфа Телеком» ЖАКы өлкө бюджетин колдоону чечти

«Альфа Телеком» ЖАКы өлкө бюджетин колдоону чечти

Мындай чечим 2011-жылдын 30-апрелинде «Альфа Телеком» ЖАКынын кезексиз жыйынында кабыл алынды. Бардык акционерлерге жыйын өткөрүлө турган жай жана убактысы тууралуу маалымат мыйзам тарабынан белгиленген тартипте расмий түрдө билдирилген.

Каттоо комиссиясында расмий каттоодон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги (акциянын 49 пайыз) өткөн, калган акционерлер кезексиз жыйынга келишкен эмес.
«Альфа Телеком» ЖАКынын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышынын күн тартибинде акционерлерге төлөнүүчү дивиденддердин өлчөмүн жана тартибин аныктоо маселеси да каралаган.

Жалпы жыйналыштын жыйынтыгы боюнча ЖАКтын 2009-2010-жылдар үчүн бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын 49 пайызын, 859 миллион 454 миң 120 сомду республикалык бюджетти колдоого, ал эми бөлүштүрүлбөгөн пайданын 51 пайызын Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан 51 пайыз акциянын ээлери аныкталганга чейин ЖАКтын эсебинде калтыруу чечими кабыл алынган.

Мурда компаниянын 1,5 миллиард сом суммасындагы бөлүштүрүлбөгөн пайдасы келечек дивиденддерди камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын атайын эсебине сактоого которулуп берилген эле.

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы