Перейти на новый сайт
MegaCom Ош жана Баткен аймактарында тейлөө борборлорун ачты

MegaCom Ош жана Баткен аймактарында тейлөө борборлорун ачты

Кыргызстандагы эң ири уюлдук байланыш оператору өлкөнүн Ош жана Баткен облустарынын Кара-Суу жана Кызыл-Кыя шаарларында тейлөө борборлорун ачты. Ошентип, MegaCom компаниясынын аталган аймактагы кардарлары керектүү кеп-кеңештерди, тийиштүү усулдарды жашаган шаарында алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жаңы тейлөө борборлорунун ачылышы – Ош жана Баткен областтарынын эки шаар тургундары үчүн абдан жагымдуу жаңылык болду. Себеби, алар мындан ары тейлөө борборлорунда келишимдерди түзүп, SIM-карталарды калыбына келтирип, чалуулардын эсеп-кысап, таржымалын алууга жана башка MegaCom компаниясы сунуштаган усулдарга ээ боло алышат.

MegaCom компаниясы жогорку сапаттагы кызматтарды гана көрсөтпөстөн, жергиликтүү калкты да иш менен камсыздап жатат. Маселен, жаңы тейлөө борборлорунда жергиликтүү тургундар эмгектенишет. Компаниянын тейлөө борборунун жетекчиси Нина Жилкина, Кыргызстандын алыскы аймактарында отурукташкан кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү MegaCom компаниясынын негизги максаты экенин белгилеп, бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттер мындан ары да жигердүү уланат деп ишендирди.

Кыштын ызгаарына карабастан, MegaCom компаниясы уюштурган тейлөө борборлорунун ачылыш аземине активдүү катышып, ыраазычылык айтышып, компаниянын ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдиришти. Мындай жараянда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү да обочодо калышкан жок.

Салтанатта сөз алып сүйлөгөн Кара-Суу шаарынын мэри Ахматжан Рахимов, MegaCom компаниясынын колу узарып Кара-Суу шаарына чейин келип жеткенине шаар тургундарынын атынан терең ыраазычылыгын билдирди. “Шаарга ири компаниянын келиши – бул ардайым шаар тургундары жана шаар бюджети үчүн жагымдуу жаңылык. Компаниянын Кара-Суу жашоочуларына жогорку деңгээлдеги сапаттуу сервистик тейлөө кызматын көрсөтүү демилгеси бир жагынан жаңы жумуш ордун түзүүдө. Биздин мындай жаңы өнөктөшүбүздүн пайда болушуна терең ыраазымын”, – деди А. Рахимов. Ошондой эле мэр, MegaComдун тейлөө борбору Кыргызстандын түштүк аймагындагы эң ири Кара-Суу базарынын жанынан жайгашышы эң ыңгайлуу болгонун кошумчалады. “Байланыш барыбыз үчүн маанилүү. Бирок айрымдары үчүн ал абдан эле маанилүү. Бул жерде, мен, жакындары Орусияда эмгектенип жаткан мекендештеримдин жакындары тууралуу айтып жатам. Эми кандай болгон күндө да шаар тургуну катары, MegaCom компаниясы сунуштаган кызматтары тууралуу маалымат алуу үчүн, үйдөн алыс барбай эле, бул борборго келе коюу жетиштүү болуп жатканына кубанып жатам”, -деди мэр А.Рахимов.

MegaCom арзан жана жеткиликтүү тарифтер, сапаттуу байланыш менен башка уюлдук операторлордон айырмаланып келген болсо, эми түштүк аймагынын жашоочуларына да жакындан кызмат кылуу мүмкүнчүлүн түзүү менен да өзгөчөлөндү.

Кошумча маалымат: MegaCom – Кыргызстандагы ири салык төлөөчү ишканалардын бири. 2010-жылы өлкө бюджетине аталган компания 1 млрд. сом салык төлөгөн. Ал эми 2011-жылы “MegaCom” төккөн салыктын көлөмү 200 млн. сомго көбөйөөрү күтүлүүдө. 2011-жылдын февраль айына карата берилген маалыматтарга ылайык, “MegaCom” оператору 2,2 млн. кардарларын уюлдук байланыш менен камсыздайт. Ал эми уюлдук байланыш кызматы Кыргызстандын калк отурукташкан 90 пайыз аймагында көрсөтүлүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Mega USSD»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы