Перейти на новый сайт


MEGA Байланыш борбору

Абоненттер  менен  үзгүлтүксүз  карым-катнашты камсыздаган MEGA Байланыш борбору ар дайым Сиздин кызматыңызда. Эгерде  кандайдыр бир суроолоруңуз, сунуштарыңыз же даттанууңуз болсо, *500 номери  боюнча  Байланыш борборуна чалыңыз жана бир нече мүнөттүн ичинде так жооп алыңыз (чалуу акысыз).

Эгерде Сиз зарыл учурда тез чалып байланышууну кааласаңыз,  *505 (чалуу наркы – 10 сом) номери аркылуу акы төлөнүүчү  линияны колдонуп,  же болбосо «SMS-кеңешчибизге » − 500 номерине  SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

Ал эми  Сиз башка байланыш операторунун абоненти болсоңуз, биздин Байланыш борборубузга  +996 555 500 000 (чалуу операторуңуздун кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык тарифтелет) номери боюнча кайрыла аласыз.

Мындан тышкары, MEGA Байланыш борбору  менен WhatsApp +996 999 500 000, Telegram аркылуу байланышып,  же болбосо office@megacom.kg электрондук почтасына кат жөнөтүүгө да болот.

Байланыш борборунун номерин телефонуңуздун даректер китепчесине сактап алыңыз.

Компаниянын кызматтарына жана тарифтерине байланыштуу суроолор жаралган учурда «Жаңы чат» сүрөтчөсүн басыңыз жана биз менен жазышуу үчүн чатты тандаңыз.

Байланыш борборунун кесипкөй адистери каалаган сурооңузга күнү-түнү ыкчам жооп беришет.

Биз Сизге жардам берүүгө ар дайым даярбыз!