Перейти на новый сайт

MegaCom 2009-жылдын 8 ай ичиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды

 


MegaCom 2009-жылдын 8 ай ичиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды


Сегиз ай ичинде MegaCom компаниясы абоненттик базанын алгылыктуу арымдарын көрсөтө алды. Республиканын уюлдук байланыш рыногунун пайдалануучуларынын 47 пайыздагы таза өсүшү анын үлүшүнө туура келди.

MegaCom компаниясынын абоненттик базасы жыл башынан бери 38,3 пайызга өсүү менен 2009-жылдын 31-августуна карата 1 567 960 пайдалануучуну түзгөн. Сегиз ай ичинде 900 миң чектен ашыкты түзгөн республиканын уюлдук байланыш абоненттеринин жалпы өсүшүнүн ичинен MegaCom компаниясынын үлүшүнө 430 миңден ашыгыраак пайдалануучу туура келген. MegaCom компаниясынын рыноктук үлүшү жылдын башталышынан тартып 2,3 пайызга жогорулоо менен 36,5 пайызга жеткен.

MOU (түйүндүн бир пайдалануучусу эсебинде алганда пайдаланылган эфирдик убакыттын саны) көрсөткүчү да алгылыктуу өсүш арымда. Алсак, 2009-жылдын январь айынан август айына чейин аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилиндегиге салыштырганда 30 пайызга жогорулоо менен орточо алганда бир абонентке айына 243 минута туура келген.

2009-жылдын 8 айы ичинде MegaCom компаниясы 207 жаңы байланыш түйүндөрүн орнотуу менен республиканын камтууну 19 пайызга жогорулаткан. Ошентип, август айынын акырына карата түйүндө 679 базалык станция иштеп турат жана Кыргызстандын калктуу пунктунун 87 пайызын камтууну камсыз кыла алды.

2009-жылдын январь айынан август айына чейин MegaCom компаниясы өз абоненттери үчүн 5 жаңы тарифтик планды ишке киргизди: «Пайдалуу», «Жолдуу», «Жандуу», «Хит» жана «Эл аралык». Тейлөө сапаты боюнча сунуштарды кабыл алууга *300 кыска номери ачылган. 14 кызмат көрсөтүү жана тарифтик опциялар ишке киргизилген, анын ичинде «GPRS-роуминг» жана «Бактылуу номер» тарифтик опциясы республиканын уюлдук байланыш рыногуна биринчи жолу сунуш кылынууда. «GPRS-роуминг» кызматы менен MegaCom компаниясынын абоненттери Россия жүрүп «МегаФон» түйүнү аркылуу мобилдүү интернет менен пайдалана алышат. «Бактылуу номер» – бул, чексиз сүйлөшүүлөр үчүн тарифтик опция, ал белгилүү бир абоненттик акыны төлөө аркылуу үч адам менен түйүн ичинде чексиз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет.

SMS-билдирмелер менен эл аралык алмашуунун тизмеси да кеңейтилди, алсак, дүйнөнүн 77 өлкөсүнүн 131 уюлдук операторлору менен SMS-билдирмелерди алмашууга мүмкүндүк түзүлдү, мында SMS-диалогду GSM стандартындагы операторлор менен гана эмес CDMA стандартындагы операторлор менен да жүргүзүүгө болот.

2009-жылдын март айында MegaCom компаниясы уюлдук телефондорго кыргыз тилиндеги менюну киргизген эң алгачкы оператордон болгон, мындай жөрөлгө үчүн MegaCom Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Сегиз ай ичинде MegaCom тарабынан 6 спорттук жана маданий долбоорлор колдоого алынып, жалпы суммасы бир миллион үч жүз миң сомдон ашыкты түзгөн 20 кайрымдуулук акциялары өткөрүлгөн.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)