Перейти на новый сайт

Ош шаарынын муниципалдык транспортунда MegaPay аркылуу төлөөдө, жол кире ─ 5 сом!

MEGA  мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктарга социалдык колдоо көрсөтүүнү улантууда. Маселен, Ош шаарында социалдык долбоор ишке киргизилип, муниципалдык транспортто MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөдө, жол кире 10 сомдун ордуна 5 сом болуп калды. Эми түштүк борборубуздун жашоочулары акча каражаттарын бир  кыйла үнөмдөй алышат.  

MegaPay аркылуу жол кире төлөө ─ бул бонустар жана шыктандыруучу төлөмдөр түрүндө акчаны кайтаруу менен байланышпаган, реалдуу акчаны ушул жерде жана азыр үнөмдөө мүмкүнчүлүгү.

Акция   2024-жылдын 11-мартында башталды жана 2024-жылдын 20-апрелине чейин уланат.

Бул пайдалуу сунушту колдон чыгарбаңыз, болгону төмөндөгүлөрдү аткарыңыз:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз (App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга болот);
  • «Сканер» баскычын тандап, QR- кодду сканерлеңиз;
  • төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр!

QR- коду менен чаптамалар муниципалдык транспорттун ичине жайгаштырылат.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)