Перейти на новый сайт
MEGA «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасына өтөт

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын санариптик транформациясына жигердүү катышууда. Кыргызстандыктардын жашоосунун ар кандай чөйрөсүнө инновацияларды киргизип жана  санариптик чечимдер аркылуу компания мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылууга , бюрократиялык тосмолорду жоюуга жардам берет.

MEGA компаниясы 2023-жылдын 5-октябрынан тарта кагаз жүзүндө документ жүгүртүүдөн электрондук форматка өтүү менен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Infodocs» автоматташтырылган системасын киргизүү демилгесине колдоо көрсөтүүдө.

Аталган система КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлүп ,мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик  ишканалар менен мекемелердин документ жүгүртүүлөрүн электрондук форматка өткөрүүгө багытталган.

Документ жүгүртүүнүн электрондук системасын колдонуу   документ жиберүүнүн жана жеткирип берүүнүн мөөнөтүн кыскартат, ошондой эле аткаруу тартибин жакшыртып, документтерди иштеп чыгуу процесстерин стандартташтырат.

Өлкөнүн санариптик трансформациясы MEGA менен бирге!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы