Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Баткен облусунда жаңы базалык станцияларды ишке киргизди

MegaCom компаниясы Баткен облусунда жаңы базалык станцияларды ишке киргизди

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү жана 2G/3G/4G түйүндөрүн оптимизациялоо багытында пландалган иштерин улантууда.

Компаниянын Өнүгүү стратегиясына ылайык, аймактардын инфраструктурасын модернизациялоо программасы жигердүү ишке ашырылып жатат, алардын ичинде Баткен облусу өзгөчө орунда турат. MegaCom компаниясынын адистери тарабынан аталган аймакта заманбап, жогорку технологиялык түйүндүн курулушу жүргүзүлүүдө. Мындай иш-аракеттер, өз кезегинде, байланыштын сапатын бир топ жакшыртып, облустун калктуу конуштарында 2G/3G/4G түйүндөрүнүн кубаттуулугун жогорулата тургандыгы бышык.

Интернет жана уюлдук байланыш кызматтарына суроо-талаптын күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу, MegaCom байланыш түйүнүн өнүктүрүүгө белсене киришип, Кыргыз Республикасынын калктуу аймагынын 99%дан ашыгын, өзгөчө жетүү кыйынчылык жараткан айылдардын, тоолуу аймактардын жашоочуларын сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга басым жасоодо. Уюлдук оператор өз ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн маалыматтык чечимдерин колдонуп, аларга негизделген техникалык түйүндү курууга каражат жумшоо менен, кубаттуу байланыш тармагынын пайдубалын түптөп келет.

Жабдууларды модернизациялоонун жана заманбап инфраструктураны түзүүнүн алкагында MegaCom 2021-2022-жылдарда Баткен облусунда 15 жаңы базалык станцияны ишке киргизди.

2021-жылы 10 заманбап базалык станция курулуп, алар Баткен районунун Суу-Башы, Кадамжай районунун Үч-Коргон, Какыр, Валакиш, Калтак, Лейлек районунун Интернационал, Борбордук, Кара-Суу айылдарында, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарында жайгаштырылган.

2022-жылы Төрт-Күл суу сактагычынын аймагында, Баткен районунун Чоң-Талаа, Кадамжай районундагы Какыр жана Кон айылдарында, ошондой эле облустун административдик борборунда − Баткен шаарында дагы беш жаңы базалык станция ишке киргизилди.

Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында, Айдаркен, Кадамжай, Чаувай шаарчаларында жайгашкан базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, байланыштын жана мобилдик интернеттин сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү. Бул тизмеге төмөндөгү айылдарды да кошууга болот:

  • Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Апкан, Базар-Башы, Бай Кара-Бак, Боз-Адыр, Бужум, Газ, Говсувар, Достук, Жаңырык, Кайыңды, Кан, Капчыгай, Кара-Бак, Кара-Токой, Кара-Токой, Кек-Таш, Коргон-Таш, Кызыл-Бел, Кызыл-Жол, Кыштут, Миң-Өрүк, Сай, Сары-Талаа, Согмент, Табылгы, Таштумшук, Тунук-Суу, Үч-Дөбө, Чоң-Талаа айылдары;
  • Кадамжай районунун Адыр, Ак-Булак, Акимбек, Алга, Алыш, Аустан, Бак, Бексе, Валакиш, Джаны-Джер, Жаштилек, Какыр, Калача, Калтак, Камбар-Абад, Кара-Дебе, Кароол, Көк-Талаа, Келечек, Кереге-Таш, Кожо, Кыргыз-Кыштак, Лесхоз, Майдан, Маяк, Минчынар, Моло, Мыргылжек, Ноогардан, Олагыш, Өрүкзар, Пульгон, Пум, Пылдырак, Разъезд, Сухана, Сырт, Тажик-Кыштак, Таш-Коргон, Таш-Кыя, Үч-Коргон, Чуңкур-Кыштак айылдары;
  • Лейлек районунун СССРдин 50 жылдыгы , Алга, Арка, Достук, Интернациональное, Кулунду, Ленин, Центральное, Чимген, Эски-Оочу айылдары.

Базалык станцияларды жаңылоо боюнча байма-бай аткарылып туруучу жумуштардын натыйжасында Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында, Кадамжай, Чаувай шаарчаларында жана айрым калктуу конуштарда 3G түйүнүнүн кубаттуулугу артты.

Алар:

  • Баткен районунун Ак-Сай, Базар-Башы, Боз-Адыр, Бүжүм, Кара-Бак, Кара-Токой, Кызыл-Жол, Рават, Сай, Самаркандык, Таш-Тумшук Чек, Чет-Кызыл, Чоң-Талаа айылдары;
  • Кадамжай районунун Адыр, Алга, Алыш, Бөксө, Боз, Валакиш, Жаңы-Жер, Жаштилек, Какыр, Калача, Калтак, Камбар-Абад, Кара-Дөбө, Кара-Тумшук, Көк-Талаа, Келечек, Кожо, Кыргыз-Кыштак, Миң-Чынар, Моло, Мыргылжек, Ноогардан, Олагыш, Өрүкзар, Пылдырак, Сухана, Сырт, Тажик-Кыштак, Таш-Коргон, Үч-Коргон, Чуңкур-Кыштак айылдары;
  • Лейлек районунун СССРдин 50 жылдыгы, Ак-Суу, Алга, Арка, Бешкент, Голбо, Жаңы-Турмуш, Достук, Интернациональное, Карл Маркс, Катран, Кулунду, Лейлек, Центральное, Эски-Оочу айылдары.

Бир катар айылдарда MegaCom 2G түйүнүнүн базалык станцияларынын сигналы жакшыртылды:

  • Баткен районунун Кара-Токой айылы;
  • Кадамжай районунун Алыш, Боз, Валакиш, Какыр, Калтак, Камбар-Абад, Олагыш, Тажик-Кыштак, Таш-Коргон, Үч-Коргон айылдары;
  • Лейлек районунун Интернациональное, Центральное айылдары.

Кошумча жабдуулар ишке киргизилип, Восточный айылында, жана да бир катар калктуу конуштарда жашаган MegaCom абоненттерине 4G түйүнү жеткиликтүү болуп калды:

  • Баткен районунун Айгүл-Таш, Бай Кара-Бак, Булак-Башы, Жаңы-Бак, Дөбө, Достук, Зар-Таш, Кара-Булак, Кызыл-Бел, Паскы-Арык, Рават, Самаркандык, Таян, Чек, Чоң-Гара айылдары;
  • Кадамжай районунун Кара-Тумшук, Лесхоз, Разъезд, Чогорок, Чоң-Кара айылдары;
  • Лейлек районунун Ак-Суу, Андарак, Бешкент, Голбо, Искра, Кара-Суу, Карл Маркс, Көк-Таш, Коммунизм, Лейлек айылдары.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар орнотулган калктуу конуштар:

  • Баткен районунун Айгүл-Таш, Ак-Өтөк, Ак-Турпак, Апкан, Булак-Башы, Жаны-Бак, Достук, Зар-Таш, Кара-Булак, Паскы-Арык, Таян, Чек, Чоң-Гара;
  • Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кара-Тумшук, Келечек, Кызыл-Коргон, Кыргыз-Кыштак, Өтүкчү, Токой, Чогорок, Чоң-Кара;
  • Лейлек районунун Кыргызстандын 50 жылдыгы, СССРдин 50 жылдыгы, Айкөл, Ак-Булак, Голбо, Кара-Булак, Көк-Таш, Маданият, Тогуз-Булак, Чапаев.

Абоненттерге ыңгайлуу болушу үчүн, Компаниянын расмий сайтында онлайн-шарттамда Каптоо аймагынын интерактивдүү картасы жеткиликтүү. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын, ошондой эле 2G, 3G жана ыкчам 4G-түйүндөрүнүн сигналдарынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп турууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы