Перейти на новый сайт

MegaCom «Ысык-Көл 2018» V Эл аралык Экономикалык Форумун өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык катына татыктуу болду

MegaCom «Ысык-Көл 2018» V Эл аралык Экономикалык Форумун өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык катына татыктуу болду

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиги 2018-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн «Ысык-Көл 2018» V Эл аралык Экономикалык Форумун уюштурууга жана өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн алдыңкы уюлдук операторго ыраазычылык катын тапшырды.

Экономикалык Форум – бул БАЭ, Кытай, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу  жакынкы  жана алыскы чет өлкөлөрдөн потенциалдуу инвесторлорду тартуу  жана колдоо үчүн мыкты бизнес-аянтча. Ата Мекендик ишкерлерибиз маалымат технологиялары, соода жана энергетика чөйрөлөрүндө аттын кашкасындай таанымал болгон бир катар ири компаниялар менен ишкер алака түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, «Ысык-Көл 2018» Форумунун алкагында жаңычыл долбоорлорду жайылтып, ишке ашырууга багытталган «Евразия санариптик платформалары» Эл аралык конкурсунун жарым финалы да болуп өттү.

Инвестицияларды тартуу, интеграциялык бирикмелерди түзүү аркылуу гана ишкердиктин бекем пайдубалын курууга болот. MegaCom компаниясы мындай маанилүү иш-чарага өнөктөш болуу менен, экономикабыздын өнүгүшүнө, өлкө келечегине кайдыгер карабай тургандыгын дагы бир ирет тастыктады. «Чын дилибизден ыраазычылыгык сөздөрүбүздү жолдойбуз, ийгиликтерди каалайбыз жана жемиштүү кызматташтыкка ишеним артабыз», - деп айтылат ыраазычылк катында.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы