Перейти на новый сайт

MegaCom 4G түйүнүнүн сыйымдуулугун арттырып, каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom 4G түйүнүнүн сыйымдуулугун арттырып, каптоо аймагын кеңейтүүдө

 

MegaCom компаниясы абоненттерин сапаттуу мобилдик байланыш менен камсыздоо максатында каптоо аймагын кеңейтип келет.

Бул багытта ишке ашырылган техникалык жумуштар өз жемишин берүүдө. Маселен, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында 4G стандартындагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет жеткиликтүү болуп калды. Мындан тышкары, 4G түйүнүнүн сыйымдуулугу калк жыш жайгашкан бир катар аймактарда да жогорулатылды. Тактап айтсак, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айылында.

Төмөнкү калктуу конуштарда болсо 3,75G стандартындагы базалык станциялар ишке киргизилди:

  • Баткен обл. Кадамжай районундагы Совет шаарчасы;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол жана Кызыл-Туу айылдары;
  • Ош обл. Ноокат районундагы Найман шаарчасы, Ноокат районундагы Борбаш, Каранай жана Сарыканды айылдары.

Компаниянын техникалык адистери тарабынан Бишкек, Токмок, Чолпон-Ата, Каракол, Өзгөн шаарларында жана бир катар айылдарда үчүнчү муун түйүнүнүн сыйымдуулугун жогорулатуу жана байланыш сапатын жакшыртуу боюнча алгылыктуу жумуштар аткарылды:

  • Чүй облусунун Ысык-Ата, Алмалуу, Тоолуу Серафимовка, Жогорку-Ичке-Суу, Норус, Тогуз-Булак, Жыламыш, Гавриловка, Жээк, Гагарин атындагы айылдары;
  • Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Чоң-Сары-Ой, Сары-Камыш, Бөкөнбаев, Бурма-Суу, Таш-Кыя, Челпек, Алкым, Жол-Колот, Октябрь, Отуз-Уул, Тегизчил, Үч-Кайнар, Жон-Булак, Жалгыз-Өрүк, Ичке-Булуң, Липенка, Теплоключенка айылдары;
  • Талас облусунун Кызыл-Октябрь, Маданият, Таш-Кудук айылдары;
  • Ош облусунун Бабашуулу, Мырза-Аке, Киров, Курбу-Таш, Кысык-Алма, Көк-Жар, Жаңы-Базар, Кожоке, Федорово, Октябрь, Эркин, Кыш-Абад, Агартуу, Гайрат жана Калинин атындагы айылы;
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Жерге-Тал, Күлүк-Дөбө айылдары;
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасы.

Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынан базалык станциялардын сигналынын деңгээли жана 2G, 3G жана ыкчам 4G-түйүндөрү тууралуу маалымат менен онлайн режимде таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы