Перейти на новый сайт

MegaCom 3G жана GPRS-роуминг кызматы Беларус Республикасында

MegaCom 3G жана GPRS-роуминг кызматы Беларус Республикасында.

MegaCom компаниясы Беларус Республикасынын Mobile TeleSystems операторунун тармагында өз абоненттери үчүн 3G жана GPRS-роумингин ишке киргизди.

Эми, MegaCom абоненттери үчүн Беларус өлкөсүнүн аймагында SMS жана үн кызматтары гана эмес, 3G түйүнүнүн кызматтары да жеткиликтүү болуп калды. Ошентип, MegaCom 3G жана GPRS-роуминги мобилдик баарлашуу жана интернет-кызматтары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады.
MegaCom роуминг өнөктөштөрүнүн 3G-түйүндөрүндө «GPRS роуминг» кызматын кошкон абоненттердин бардыгы каттала алышат. 3G-роумингинен пайдалануу үчүн абоненттин телефону 3G стандартын колдоосу, «GPRS роуминг» кызматы аракетте болуусу жана 3G-стандартын колдогон мейман тармагында болуусу шарт.
Маалымат берүү GPRS-роумингде аракетте болгон тарифтерге ылайык тарифтелет. 3G-роуминги кызматына жеткиге ээ болгон тарифтер жана операторлордун тизмеси тууралуу толук маалыматты www.megacom.kg расмий сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн табууга болот. Мындан тышкары, MegaCom кардарларды колдоо борбору, жана да Компаниянын Сизге жакын жайгашкан Сатуу жана тейлөө борбору аркылуу тактоого болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы