Перейти на новый сайт

MegaCom – Караколдогу мааракелик тоо лыжа сезонунун ачылышынын башкы өнөктөшү

MegaCom – Караколдогу мааракелик тоо лыжа сезонунун ачылышынын башкы өнөктөшү

MegaCom компаниясы жана «Каракол» тоо лыжа базасы, 2014-жылдын 29-30-ноябрларында өтө турган 2014-2015 кышкы сезонунун расмий ачылышына бардык лыжа тебүүчүлөрдү жана сноубордчуларды чакырат! MegaCom улуттук байланыш оператору беш жыл катары менен аталган спорт иш чарасынын жана лыжа тебүүчүлөрдүн, сноубордчулардын арасында өткөрүлүүчү таймаштын байге фондунун башкы демөөрчүсү болууда.

Салтанаттуу иш чарада катышуу үчүн кышкы экстримди жана таза абада эс алууну сүйгөндөр чакырылат.

Көңүл буруңуз! «Каракол» тоо лыжа базасынын 10 жылдык мааракесине карата Сиздер үчүн даярдалган майрамдык программа, иш чаранын өнөктөштөрүнүн баалуу белектерин жана 2014-2015 сезонунун ски-пасстарын тапшыруу жана чоңдор үчүн ар түрдүү конкурстар, викториналар, кичинекейлер үчүн жашырылган белектерди издеп табуу шайыр оюндары менен коштолмокчу.

Сиздерди мааракеге жигердүү катышууга чакырабыз! Куттуктоолорго кошулуңуз! Майрамдык иш чара тууралуу толук маалымат компаниянын Facebook-тагы расмий баракчасында жеткиликтүү.

MegaCom – спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»