Перейти на новый сайт
MegaCom Доминик Джокердин концертин өткөрүүгө көмөктөштү

MegaCom Доминик Джокердин концертин өткөрүүгө көмөктөштү

MegaCom компаниясы музыка сүйүүчүлөрдү белгилүү россиялык аткаруучу Доминик Джокердин Martini terrazza Bishkek көңүл ачуу жайында өтө турган концертине чакырды.

Эске сала кетсек, ырчы «Жылдыздар фабрикасы» долбооруна катышуу менен коомчулукка таанымал болуп, «Эгерде сен мени менен болсоң» романтикалык ыры менен атактуулукка жолдомо алган.

Концерттин жүрүшүндөгү интерактивдүү конкурстарга активдүү катышкандар жана жеңүүчүлөр MegaCom компаниясынын өзгөчө байгелерине ээ болуп, жагымдуу көз ирмемдердин күбөсү болушту.

Сапаттуу, жандуу музыканы сүйүүчүлөр атайын конкурстарга катышуу менен россиялык эстрада жылдызынын концертине кирүү билеттерин утуп алышкан. Толугураак маалымат Facebook түйүнүндөгү компаниянын расмий баракчасында жайгаштырылган.
Уюштуруучулар убада кылгандай, эстен кеткис эмоциялардын ажайып дүйнөсү келгендерге тартууланды.

MegaCom менен бирге музыкалык шаттуу маанайдын толкунунда болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы