Перейти на новый сайт

Ош шаарынын салык башкармалыгы MegaCom дарегине ыраазычылык билдирди.

Ош шаарынын салык башкармалыгы MegaCom дарегине ыраазычылык билдирди.

"Альфа Телеком" ЖАКтын ( MegaCom компаниясы) дарегине мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча Башкармалыгынын башчысы Ж.Бакировдун атынан ыраазычылык кат келди.

«Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча Башкармалыгы "Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга, республикалык бюджеттин 2013-жылдык киреше бөлүгүн толуктоого, мамлекеттик салык саясатын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн «Альфа Телеком» ЖАКтын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирет. MegaCom компаниясына ийгиликтерди жана өнүгүп –өсүүнү калайбыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекетке миллиондогон салыктарды жана үлүшпайдаларды төлөө менен эле чектелбестен, компания коомчулук алдындагы социалдык жоопкерчилик саясатын да ийгиликтүү ишке ашырууда. Билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана маданият чөйрөлөрүндөгү түрдүү долбоорлорго байма-бай колдоо көрсөткөн MegaCom компаниясы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»