Перейти на новый сайт
MegaCom «Кыргыз тулпарлары» көргөзмөсүнүн башкы демөөрчүсү

MegaCom «Кыргыз тулпарлары» көргөзмөсүнүн башкы демөөрчүсү

Бүгүн, 29- августта, «Ак-Кула» борбор калаабыздын «Ак-Кула» ат майданында «Кыргыз тулпарлары» деген аталыштагы жылкылардын адистештирилген II көргөзмөсү болду. Иш-чара Ата мекендик спортубуздун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү Республикалык борбору тарабынан уюштурулуп, улуттук мобилдик оператордун демөөрчүлүгү астында өттү. 

 

Күлүктөрдүн атайын көргөзмөсү- ат оюндарын жайылтуу жана аталган тармак боюнча кесипкөйлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу, ат оюндары боюнча машыктыруучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт. Байыртадан саяпкерлик өнөр канына сиңип, Камбар–Ата тукумун даңазалап келген кыргыз журтчулугу үчүн бул көргөзмөнүн мааниси зор. Башкача айтканда, асыл тукум аргымактардын деңгээлин аныктоо мүмкүнчүлүгү менен бирге жылкы тукумунун спортко ылайыкташтырылган тектерин жайылтуу. Көргөзмөгө 6 породадагы 40ка жакын жылкы алынып келинип, алардын катарын англия жана араб таза кандуу мингич аргымактары, таскактуу жана арабага чегилбей турган асыл тукумдуу күлүктөр толуктады.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүн утурлай өткөрүлүп жаткан көргөзмө 30-августта кыска аралыкта ат чабыш, жорго жана тай чабыш боюнча өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгын чыгаруу менен аяктамакчы. жыйынтыгын чыгаруу менен аяктайт. Мындан тышкары, уюштуруучулар кыргыз маданиятынын дагы бир тармагын көз жаздымда калтырышкан эместей. Расмий программадан тышкары иш- чара алкагында “Кыргыз аттары, Күч, Таяныч, Сүйүү” аттуу сүрөт сынагы өткөрүлөт.

«Кыргыз тулпарлары» — жөн гана көргөзмө эмес, ат спортун сүйүүчүлөр жана жылкы тукумун баалоочулар үчүн майрамдык белек болмокчу.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы