Перейти на новый сайт
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылындагы MegaCom фирмалык салонуна кош келиңиз!

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылындагы MegaCom фирмалык салонуна кош келиңиз!

MegaCom компаниясы, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсү 109 (борбор базардын аймагы) дареги боюнча жаңы Фирмалык салондун ачылгандыгы тууралуу кубаныч менен билдирет.

Жаңы салондун ачылышына карата, 12-14-август күндөрү, жаңы Фирмалык салондон 50 сом же андан ашык суммага өз балансын толуктаган абоненттер түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMSти 10 күнгө ала алышат! Жаңы SIM-карта сатып алган ар бир абонентке – 30 акысыз SMSтен турган бонустук топтом берилет. Ал эми, аталган тейлөө борборунда өз балансын кайрадан толуктаганда акысыз SMSтердин саны суммаланып (кошулуп), алардын иштөө мөөнөтү акыркы жолу балансты толуктаган учурдан тарта 10 күнгө узартылат. Бонус калдыгын *505# буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот.

MegaCom фирмалык салондору кызматтардын бардык түрлөрүн көрсөтөт. Бул жерде кеңеш берүү, келишим түзүү, комиссиясыз балансты толуктоо, SIM-картаны калыбына келтирүү, “Роуминг” кызматын кошуу, биллингдик эсепти, деталдоону, эсеп-фактураларды берүү ж.б. кызматтар көрсөтүлөт.

Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору, республиканын бардык аймактарында жогорку сапаттагы байланыш жана тейлөө кызматтарынын түркүмүн, ыңгайлуу жана пайдалуу тарифтөөнү сунуштап келет.

MegaCom – бардыгы абоненттер үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы