MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 23-майда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Садовое, Крупское, Жыламыш, Асылбаш айылдары жана Беловодское айылындагы Колхоз жана Комсомол көчөлөрү;
- Бишкек шаарындагы Кой-Таш кесилиши жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы