Перейти на новый сайт

MegaComдун “Алдын- ала төлөнүүчү роуминг” кызматы Орусиянын MegaFon уюлдук операторунун тармагында

MegaComдун “Алдын- ала төлөнүүчү роуминг” кызматы Орусиянын MegaFon уюлдук операторунун тармагында

MegaCom компаниясы, 2013-жылдын 15- апрелинен тарта, Орусиянын MegaFon уюлдук операторунун тармагында “Алдын- ала төлөнүүчү роуминг” кызматын киргизгендиги жөнүндө маалымдайт.

“Биз чет өлкөлөрдө жүргөн абоненттерибиз үчүн “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматын ишке киргиздик. Бул иштин башаты гана, жакында, саякатта жүрүп роумингден пайдаланган абоненттерибиз MegaComдун үнөмдүү тарифтери менен, ыңгайлуу болгон роуминг кызматтарынын бирин тандоого мүмкүнчүлүк алышат”, - деп билдирди, Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

“Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматына кошулуу үчүн компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бирине кайрылып, балансын 500 сомго толуктап, арыз жазуу жетиштүү. “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматына кошулуу арызын жана кызмат тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы