Перейти на новый сайт

MegaCom жана Тажикстандагы Babilon-Mobile компанияларынын ортосунда MMS-алмашуу мүмкүнчүлүгү ачылды

MegaCom жана Тажикстандагы Babilon-Mobile компанияларынын ортосунда MMS-алмашуу мүмкүнчүлүгү ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан тарта, MegaComдун жана Тажикстандагы Babilon-Mobile ири уюлдук операторунун абоненттери MMS-билдирүүлөр менен алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эки жактуу MMS-алмашуу аркылуу MegaComдун абоненттери, Тажикстандагы жакындары, достору менен жазгы маанай, сүрөттөр, видеолор, сүйүктүү обондор жана башка каалаган файлдар менен алмаша алышат.

MMS – тексттик билдирүүлөрдү гана эмес, ар түрдүү медиа файлдарды, обондорду, видеолорду жана сүрөттөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү. MMS-тин жардамы менен башка телефонго жөнөтүлүп жаткан тексттик билдирүүгө сүрөттү же шаңдуу обонду кошуп жөнөтүүгө болот. MMS кызматы, каалаган сүрөткө же видео үзүндүгө текст кошуп, аны PowerPoint бет ачары катары жасап, башка мобилдик телефонго жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

MegaComдун абоненттери үчүн ар чыккан MMS-билдирүүнүн наркы, салыктардын бардыгын эсепке алганда 5,89 сомду түзөт. Кирген MMS-билдирүүлөр акысыз.

MMS-кызматы тууралуу толук маалыматты расмий сайттан алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы