Перейти на новый сайт

«Mega Билим» Талас жергесинде

«Mega Билим» Талас жергесинде

Мобилдик оператор MegaCom «Mega Билим» билим берүү долбоорун ишке ашыруунун үстүндө. Өткөн аптада Талас облусунун Бакай-Ата районундагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинде кезектеги компьютердик класс ачылды. Эми, аталган мектептин 1000ге жакын окуучусу мезгил талабына шайкеш билим ала алышат.

Компьютердик бөлмөнүн расмий ачылыш аземине мобилдик оператордун жетекчилиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын ардагерлери катышты.

Ири компаниянын өкүлдөрү жана чогулган меймандар мектептин мугалимдер жана окуучулар жамааты тарабынан уюштурулган ажайып концерттин күбөсү болушуп, анын жүрүшүндө мектеп директору Курманбек Мамбеталиев MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркуловго ыраазычылык катын жана “Билим берүү тармагына кошкон омоктуу салымы үчүн” ардак грамотасын тапшырды.

«Mega Билим» долбоорунун алкагында атайын комиссия мүчөлөрү аркылуу тандалып алынган 143 мектеп компьютердик жабдуулар орнотула турган болсо, алардын ичинен 82 мектеп жабдылып, 61 билим уясы өз кезегин күтүүдө.

«Mega Билим» аймактарды колдоо программасынын алкагында ишке ашырылып келет. «Mega футбол» спорттук долбоору, «MegaCom аллеясы» экологиялык демилгеси мындай мүнөздөгү долбоорлордун катарын толуктайт. Мындан тышкары, компания, Улуу Ата-Мекендик согуштун миңдеген ардагерлерине жана беш балдар үйүнө жардам көрсөтүү менен, алардын келечекке болгон үмүт отун жандырып келет. Өсүп келе жаткан муунга ар тараптан колдоо көрсөтүү, өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү алдыңкы мобилдик оператордун артыкчылыктуу милдеттеринин бири», - деп белгилей кетти өз сөзүндө компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы