Эми Жапониядагы MegaCom роуминги мурдагыдан да жеткиликтүү
MegaCom уюлдук оператору, белгилүү өлкөлөрдөгү өнөктүк мамилелерин кеңейтүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда. Жакында эле, компания Жапониядагы SOFTBANK MOBILE Corp. операторунун тармагында 3G – роумингин ишке киргизди.
MegaCom өзүнүн абоненттерине жакындары жана ишкер өнөктөштөрү менен ар дайым байланышта болуп, үнөмдүү жана ыңгайлуу байланыш кызматынан пайдалануу менен, дүйнө жүзүнө саякат жасоону сунуштайт. “Роуминг” жана “GPRS – роуминг” кызматтарын кошуу үчүн компаниянын абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызматтарды кошуу тууралуу арыз жазуу зарыл.
Кызматтар боюнча тарифтер, өлкөлөрдүн жана өнөктөш - операторлордун тизмеси менен MegaComдун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана *500 же 0555 500000 номерлери боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистеринен жана MegaCom компаниясынын www.megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.
MegaCom аркылуу жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болуңуз.