Перейти на новый сайт

MegaCom 3G-роуминги Бириккен Араб Эмираттарында жана Өзбекистанда

MegaCom 3G-роуминги Бириккен Араб Эмираттарында жана Өзбекистанда

Кыргызстандын MegaCom алдыңкы уюлдук оператору Бириккен Араб Эмираттарындагы жана Өзбекистандын -Etisalat, ОАЭ жана FE COSCOM LLC тармагындагы 3G- роумингдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз абоненттерине маалымдайт.

Эми саякаттоону сүйгөн абоненттерибиз чалууну аткарып жана смс-билдирүү жөнөтүп гана тим болбостон, Өзбекистан жана Эмираттарында, роумингде, ыкчам мобилдик Интернет менен колдонуп жана дагы MegaComдун башка абоненттери MMS-билдирүүлөр менен алмаша алышат.

3G-ылдамдыгындагы мобилдик интернеттин жардамы менен, MegaCom абоненттери, мекенинен алыс жүргөн учурда да өзүнүн сүйүктүү сайттарына көз ачып жумгуча чөмүлүп, дүйнөлүк тармак ресурстарына кирүүгө жетки ала алышат.

Эл аралык роуминг – бул роуминг боюнча өнөктөш чет өлкөлүк операторлордун тармактарында да өз номери менен пайдаланууга шарт түзүп, баарлашуунун убактысын чектебейт. Компаниянын абоненттери кызматтык сапарларга жана саякатка жөнөп жатып, эң алыскы өлкөлөрдө дагы байланышта боло алышат.

MegaCom компаниясынын роуминги жакындарыңызга белек сатып алуу үчүн каражаттарыңызды үнөмдөп калуунун ыңгайлуу жолу. Кызматтардын тарифтери, роуминг боюнча өнөктөш операторлордун жана өлкөлөрдүн тизмеси менен MegaCom түйүнүнүн сатуулар жана абоненттерди тейлөө Борборлорунан жана дагы компаниянын www.megacom.kg.сайтынан таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы