Перейти на новый сайт

«MegaCom’дон OnlineTV»

«MegaCom’дон OnlineTV»

Телекоммуникация тармагындагы жаңычыл, MegaCom компаниясы, өз телефонуңузду чөнтөк сыналгысына айландырууга шарт түзгөн «MegaCom’дон OnlineTV» уникалдуу кызматын ишке киргизди. Эми MegaCom абоненттери, түз эфирдеги сүйүктүү телекөрсөтүүсүн өз мобилдик телефонунан көрө алышат!

Кызмат Android жана iOS операциялык системасынын негизинде иштеген аппараттарда жеткиликтүү: Android үчүн атайын мобилдик колдонмо иштелип чыккан, iOS колдонуучулары, Android колдонмосунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камтыган www.onlinetv.kg сайты аркылуу телеберүүлөрдү көрө алышат. «MegaCom’дон OnlineTV» үчүн түзүлгөн мобилдик колдонмо, көрүү сапатын тандоо аркылуу интернет-трафикти үнөмдөөгө, түз берүүлөрдү көрүү маалында тыным коюуга жана пайдалануу (кыргыз же орус) тилин тандоого шарт түзөт.

«MegaCom’дон OnlineTV» кызматын акысыз тескөө үчүн *110*1# буйруусун терүү же 110 номуруна “1” текстин камтыган SMS жөнөтүү зарыл. Андан соң, алдын ала төлөө формасындагы абоненттер үчүн балансы эң аз дегенде 20 сом болгон шартта, жооп катары алынган билдирүүдөгү шилтеме аркылуу өтүп, колдонмону жүктөп алуу жана тастыктоо кодун киргизүү зарыл.

2013-жылдын 24-декабрынан тарта 2014-жылдын 24-январына чейин гана, MegaCom абоненттери үчүн «Бир ай абоненттик төлөмсүз» акциясы аракетте болот. Аталган мезгил ичинде, кызматтан пайдаланган үчүн абоненттик төлөм алынбайт. Мобилдик телеберүүлөрдү көрүүгө сарпталган интернет-трафик үчүн гана, абоненттин тарифтик планына же анда кошулган интернет топтомдордун жана опциялардын шарттарына жараша, каражат алынат. Акция мөөнөтү аяктаган соң б.а. 2014-жылдын 25-январынан баштап, кызматтан пайдаланган үчүн суткасына 3 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөм алына баштайт. Мындан тышкары, телеберүүлөрдү көрүү үчүн абонент Wi-Fi аркылуу пайдалана алат. Бул учурда интернет-трафик провайдердин шарттары боюнча тарифтелет. Жеткиликтүү болгон телеканалдар жана мобилдик телеберүүлөр тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Амедиатека»

  • Услуга

    «Родительский контроль»

  • Услуга

    «Ваш мобильный счёт»

  • Услуга

    VoLTE