MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 17-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Куршап, Мырза-Аке, Арек, Мөнөк айылдары, Гүлчө айылдык аймагы;
- Ош шаарындагы Привокзальная, Фрунзенская, Исанов, Маматкаримов Аттокур көчөлөрү, Достук кичирайону жана унаа базары;
- Жалал-Абад облусунун Кызыл- Байрак, Тельман, Чоко-Дөбө, Таштак айылдары жана Жалал-Абад шаарынын Пушкин, Шопоков жана Жеңижок көчөлөрү;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кравцов, Исаков, Госмельница, Ленин көчөлөрү;
- Бишкек шаарынын Интергельпо жана Чыгыш 5 кичирайону жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы