MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 12-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Куршап, Мырза-Аке, Арек, Мөнөк айылдары ;
- Ош шаарындагы Фрунзенская, Исанов, Маматкаримов Аттокур көчөлөрү, Достук кичирайону жана унаа базары;
- Жалал-Абад шаарындагы Пушкин, Шопоков жана Жеңижок көчөлөрү, Жалал-Абад облусунун Чоко-Дөбө, Таштак айылдары;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кравцов көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы