MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 1-ноябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй областынын Виноградное айылы ;
- Ош областынын Эски- Ноокат айылы, Өзгөн шаарынын Кошуев жана Манас көчөлөрүнүн кесилиши;
- Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарынын Акматбай -Ата көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы