MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 17--октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Нарын областынын Ат-Башы, Казыбек, Калинин айылдарынын,
- Ош областынын Тепе-Коргон, Эски-Ноокат, Жаңы-Абад айылдарынын жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн,
- Бишкек шаарынын П.Лумумба, Керамическая, Орозбеков, Малдыбаев, Киев көчөсүндөгү КРСУнун жана Тынчтык проспектисинин аймактары камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы