Перейти на новый сайт

Уюлдук операторлордун кайрымдуулук акциясынын жыйынтыктары


Уюлдук операторлордун кайрымдуулук акциясынын жыйынтыктары       

«Альфа Телеком» ЖАКынын (бренд MegaСom), «Sky Mobile» ЖЧКсынын (бренд Beeline), «АкТел» (FONEX) ЖЧКсынын жана «НУР Телеком» ЖЧКсынын (О! соода маркасы) абоненттери кайрымдуулук марафонунун алкагында өлкөнүн түштүгүндө жабыр тарткандар үчүн жардам катары 1 миллион сомго жакын каражат топтошкон.

Уюлдук компаниялар Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочуларына колдоо көрсөтүү максатында 18-июндан 1-июлга чейин биргелешип кайрымдуулук компаниясын өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн. Операторлор түштүктө жабыр тарткан мекендештерибизге жардам көрсөтүү үчүн абоненттерден каражат топтоо үчүн бирдиктүү «1106» номерин ачышкан.

MegaCom компаниясынын абоненттери 15-июлдан тартып 1-июлга чейин 558 миң сомдон ашык каражат топтошкон, аталган каражатка тамак-аш азыктары сатылып алынган. Тамак аш азыктарынын партиясы менен түштүккө компаниянын гуманитардык жардам топтоо пункттарына катардагы жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн кийим-кече, дары-дармектер, бут кийим, гигиена каражаттары жана биринчи керектелүүчү жабдуулар жөнөтүлгөн. Гуманитардык жардамды качкындар лагерлерине жана Жалал-Абад областынын жашоочуларына даректүү жеткирүүнү MegaCom компаниясынын дилерлери камсыз кылышкан.

Beeline компаниясынын абоненттери 320 миң сомдон ашык каражат которушкан. Топтолгон каражаттарга Саргалиев көчөсү, 130 дареги боюнча жайгашкан Ош шаардык Төрөт үйү жана Курманжан Датка көчөсү, 118 дареги боюнча жайгашкан Ош шаардык Тез жардам станциясы үчүн медицина жабдуулары жана дары-дармектер жеткирилген. Жакынкы дем алыш күндөрү жардам кайрадан жеткирилип, компаниянын кызматкерлери тарабынан даректүү таркатылып берилмекчи.

О! соода маркасынын абоненттери 60 миң сомдон ашык каражат чегеришкен. Акциянын жыйынтыгы боюнча тамак-аш азыктары жана дары-дармектер сатылып алынган, аталган каражаттар жуманын акырына чейин Ош шаарынын Балдар үйүнө жана Областтык балдар ооруканасына жеткирилет .

FONEX абоненттери 42 миң сомдон ашык каражат жыйнашкан. Топтолгон каражаттарга Ош шаарынын шаардык ооруканасы үчүн дары-дармектер сатылып алынган. Жакынкы арада дары-дармек ооруканага өткөрүлүп берилет.

Уюлдук операторлор акцияга катышкан жана көмөк көрсөтүүгө катышкан бардык абоненттерге ыраазычылык билдиришет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Спасательный круг»

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Перезвони мне»

  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»