Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери үчүн GPRS-роуминг


MegaCom абоненттери үчүн GPRS-роуминг


Эми Россияга иш сапары менен же эс алууга жөнөп жатып, MegaCom абоненттерине «Мобилдик интернет» же WAP жана MMS кызматтарын сөзсүз түрдө коштуруунун кажети жок болуп калды. Себеби 15-июндан баштап MegaCom «GPRS-роуминг» кызматын ишке киргизип жатат, булл кызматтын жардамы менен Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, россиялык «Мегафон» уюлдук операторунун түйүнүндө интернеттен колдонсо болот.

Интернет заманбап адамдын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. “Мобилдик интернет” кызматы MegaCom абоненттерине зымсыз интернеттен Кыргызстандын бүткүл аймагында, уюлдук телефонду модем катары колдонуп пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Бирок, жаңы технологиялар дүйнөсүндө өзүңдүн гана уюлдук операторуңдун түйүнүндө гана эмес, анын сыртында да дайыма “online” болуу керек. Ошондуктан MegaCom компаниясы «GPRS-роуминг» кызматын киргизип жатат, булкызматтын жардамы менен абоненттер Кыргызстандан сырткары жүргөндө уюлдук телефонунун жардамы менен Интернетке кирип же досторуна көз ачып жумгуча сүрөттөрүн жөнөтө алышат.

MegaCom абоненттери үчүн бул кызмат россиялык “МегаФон” операторунун түйүнүндө мүмкүнчүлүк алды. “МегаФон” түйүнүнүн камтуу аймагы өзүнө Россиянын 83 регионун алып, күн сайын кеңейип келет.

GPRS-роуминг кызматын активдештирүү үчүн тейлөө борборлорунун бирине кайрылып, коштурууга арыз толтуруу керек. Кызматты тарифтөө – салыктардын бардыгын эсепке алуу менен 1 Мb үчүн 180 сом.

Мобилдик Интернеттин чексиз мейкиндиктерин ач - GPRS-роумингди котру!


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud

  • Услуга

    «Пополни мой баланс в роуминге»

  • Услуга

    «Родительский контроль»

  • Услуга

    Нумеролог