MegaCom компаниясы Кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт.
Рамазан айы мусулман калкы үчүн куттуу айлардын бири. Орозонун шарияттагы мааниси - милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин тамак жана суусун ичпөөсү. Рамазан айы – боорукердиктин, кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана руханий тазаруунун айы. Кыргызстан көп улуттуу өлкө, анын калкын 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү түзөт. Мекенибизде жашаган ар бир улуттун өкүлдөрү түрдүү динди тутушса дагы, бири-бирине болгон сый мамилеси биримдикти, Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өсүшүн шарттайт.
MegaCom компаниясы баардык кыргызстандыктарды Ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, мекендештерине чың ден соолук, бакыт-таалай каалайт жана алардын баардык башталыштарын ийгилик коштоп туруусуна тилектеш экендигин билдирет.