Voice +
«Voice+» – абонент жок номерди (жаңылыш үн трафиги) терген учурда, Компаниянын кызматтарын жана өнүмдөрүн жайылтууга багытталган Оператор менен Абоненттердин ортосунда өз ара аракеттенүүнүн кошумча каналы.
«Voice+» сервиси аркылуу өнүмдөрдү жайылтуу төмөндөгүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
«MEGAдaн SMS/PUSH-жөнөтмө»
«MEGAдaн SMS/PUSH-жөнөтмө» жардамы аркылуу MEGA компаниянын акыркы актуалдуу жанылыктары, опцияларын жана кызматтарын кошуу, акциялары боюнча маалымат ала аласыз.
«Мегакомдон PUSH-жөнөтмө» кызматы "Дата Технолоджи" ЖЧК контент-провайдери менен биргеликте көрсөтүлөт.
WAP Click
WAP Click аркылуу Абонент USSD/SMS тербестен, WEB интерфейстер аркылуу Оператордун кызматтары, сервистери менен байланышты ишке ашыра алат.
USSD-кошумча тексттери – бул Абоненттин USSD-сурамына жөнөтүлгөн жооп менен бирге келген Оператордун ар кандай кызматтары жана сервистери тууралуу маалыматтарды же башка маалыматтарды камтыган билдирүүлөр, мисалга алсак, балансты текшерүү (*500#) жөнүндө USSD-сурамы. Билдирүү жөнөкөй текст түрүндө же интерактивдүү болушу мүмкүн (диалогдук менюдан кызматты кошуп мүмкүнчүлүгү менен). Кызматты кошуу же ал тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн, болгону "Жооп берүүнү" тандаңыз, андан кийин "1" санын (кошуу үчүн) же "2" санын (кошумча маалымат суроо үчүн), андан соң "Жооп берүү" баскычын басыңыз. Кызматты кошууда, USSD-меню кошумча тастыктоону талап кылышы мүмкүн («Тастыктоо» же «Жабуу»).
SMS-кошумча тексттери – Бул Абоненттин балансын толуктагандыгы жөнүндө SMS-жооп менен бирге келген Оператордун ар кандай кызматтары жана сунуштары жөнүндөгү, жана башка маалыматтарды камтыган тексттик билдирүүлөр.